Жарандык активист Тилекмат Куренов абакта калтырылып, анын жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан билдиришти.
Сот Тилекмат Куреновдун жактоочусунун апелляциялык арызын бүгүн, 25-июлда карап, аны канааттандырган эмес. Сот Аламүдүн райондук соттун аны абакта калтыруу боюнча өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Эми Куренов жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин абактан чыгат.
Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон. Кийинчерээк 1 жыл 6 айга кесилген.