Жыл башынан бери Эл аралык мелдештерде кыргызстандык спортчулар 117 медаль утуп алышты. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.
Министр 117 медалдын 34ү алтын, 35и күмүш жана 48и коло байге экенин айтты.
Ошондой эле ата мекендик спортчулар 68 эл аралык мелдешке катышканын белгиледи.
Ал эми республикалык деңгээлдеги 146 спорттук-массалык иш-чаралардын өткөрүлгөнү айтылды.