Өлкөдө авариялык абалдагы канча мектеп бар экени белгилүү болду

Азыркы тапта өлкөдө 245 авариялык абалдагы мектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

"Белгилүү болгондой, акыркы жылдары айтылып жаткан өзгөчө көйгөй – бул өлкөдөгү 245 авариялык мектеп, ошондой эле капиталдык оңдоого муктаж 498 мектеп бар. Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди. Анын ичинен:

  • 160 мектеп;
  • 35 бала бакча;
  • 10 спорт залы", - деп билдирди ал.

Бейшеналиев бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектке көп экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан