Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖго эки жолу тапшыруу тууралуу түшүндүрмө берди (видео)

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

"Дүйнөлүк практикада жогорку окуу жайларга кабыл алуу 2 же 3 жолудан өтөт. Биз жазгы жана кышкы деп 2 семестрге бөлдүк. Мунун аркасынан кандайдыр бир себептерден улам ЖРТга катыша албай, ЖОЖго тапшырбаган абитуриенттерге кайрадан тест тапшырып, окуганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле чет элдик студенттерди тартууга жол ачат, бул өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизет", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлик жогорку окуу жайга кабыл алуу сынагы кандай шартта өтөрү тууралуу түшүндүрмө берген.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан