Кесиптик лицейлерде окутуунун мөөнөтү кыскарабы? Министрликтин жообу

Кесиптик лицейлерде окутуунун мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова министрликтин жарым жылдык отчётунда SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Кесиптик лицейлердеги окутуу мөөнөтүн кыскартуу канчалык пайдалуу жана натыйжалуу болорун азыр изилдеп жатабыз. Бир аз убакыт ичинде жыйынтык чыгарган соң коомчулукка маалымат беребиз", - деди ал.

Ал эми быйыл тапшырган абитуриенттер 2 же 3 жыл окуй турганы август айынын соңуна чейин белгилүү болорун кошумчалады.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан