"Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн" кыймылы гендердик саясат боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу кризистик борборлор ассоциациясынан билдиришти.
Кайрылууда министрлер кабинети тарабынан балдардын катышуусундагы никелердин алдын алуу планы бекитилбей, аялдардын иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеӊештин бир дагы жыйыны болбогондугу айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарында туруктуу өнүгүү боюнча саясий форум болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышкан.
"Бул өлкө үчүн өтө маанилүү билдирүү болуп саналат. Себеби анда аялдардын жана эркектердин ортосундагы теӊ укуктуулукту камсыз кылуу милдеттери, гендердик теӊ укуктуулукту камсыз кылууга жана бардык аялдардын, кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу боюнча айтылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өлкөнүн бардык райондорунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну уюштуруу үчүн социалдык кызматкерлердин 500 бирдигин бөлүүгө сөз берилген. Бирок бул суроо бүгүнкү күнгө чейин чечилген жок.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оӊдоп-түзөө программасы толук иштебей келет. Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн бир гана муниципалдык кризистик борбор иштейт.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик телевидение, радио каналдардын, билим берүү системасынын, Маданият министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыкка ээ эмес.
Зомбулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүү башкы укук коргоо түзүмүнүн – Ички иштер министрлигинин ишинде артыкчылыкка ээ эмес. Чаралар көрүлүп жатат деп айтылганы менен коопсуздук жана аялдар менен балдарга карата зомбулук кырдаалы бир гана начарлоодо, ал эми милиция кызматкерлери өздөрү аялдардын укуктары үчүн коркунучтун булагы болушууда.
Министрлер кабинети гендердик теӊ укуктуулук жана реформалар чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди жана пландарды бекитүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүлөрү зарыл, ал эми аялдарга жана балдарга карата зомбулук суроолору өлкөнүн Коопсуздук кеӊешинде каралуусу керек.
Урматтуу президент, биз сиз менен жолугушууну күтүүдөбүз", - деп жазылат кайрылууда.
Ошондой эле кайрылууга 40ка жакын уюм кол койгон.