Быйыл өлкөдөгү театрлардан дээрлик 29 миллион сом киреше түштү

Быйыл өлкө аймагында театрларда 27 спектакль коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, быйыл жарым жыл ичинде театрларга 420 миң 815 көрүүчү келген.

"Театрдан түшкөн кирешенин жалпы суммасы 28 миллион 87 миң 171 сомду түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15,4 пайызга киреше өстү дегенди билдирет. Маселен, 2021-жылдын ушул аралыгында 24 миллион 339 миң 800 сом түшкөн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан