Маданият жана спорт тармагындагы 12 064 кызматкердин айлык акысы жогорулады. Бул тууралуу маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди
"Маданият, маалымат жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүлдү.
Жалпы министрликтин карамагындагы 579 мекеменин, тактап айтканда 12 64 кызматкердин маянасы жогорулады.
Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы маданий мекемелердеги кызматкерлердин айлыгы да көтөрүлдү.
Бул токтомдордун негизинде 2022-жылга бюджеттен кошумча 1 миллиард 598 миллион сом талап кылынды", - деди министр.
Ошондой эле апрель айынан тарта эмгек акыны эсептөөнүн жаңы формасы иштелип чыгып, 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка жана ал суммага ар бир кызмат үчүн эселүүлүк коэффициенти колдонулуп, кызматтык маянасы төлөнүп жатканын билдирди.
Мындан сырткары ведомстволук мекемелерде өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызына чейинки өлчөмдө акча каражаты төлөнүп берилерин кошумчалады.