Буга чейин SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынын тургундары кайрылышкан.
Алардын айтымында Воронцовка айыл аймагынын Октябрьская, Школьная, Больничная көчөлөрү, Таш-Дөбө айылында жашаган айыл тургундары таза суу жоктугунан кыйналып жатышат.
Бул боюнча президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирүү жасады. Облус башчылыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө бул көйгөйдү чечүү үчүн тендер жарыяланды.
"Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында таза суу көйгөйү орун алган. Себеби, жай мезгилинде суу көбүрөөк сарпталгандыктан суу соргуч насостор тарта албай калат. Тактап айтканда, айылда беш көчөдө (Кыргыз көчөсү, Средняя, Октябрьская, Школьная жана Больничная кыска көчөсү) суу тартыштыгы бар. Беш көчөнү экиге бөлүп турган чоң асфальт көчөнүн үстүңкү бөлүгү 12 саат, ылдыйкы бөлүгүнө 12 сааттан сууну график менен берүүгө туура келүүдө.
Учурда келип чыккан көйгөйдү чечүүгө багытталган долбоорго Чүй облустук өнүктүрүү фондунан 10 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 10 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү документтер мыйзамга ылайык келтирилип, тендер жарыяланып, жаңы скважина бургалоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды. Бул боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга үч даана атайын техникалар (водовоздор) тартылып, тынымсыз иштеп жатышат", - деп билдиришти облустук өкүлчүлүктөн.