Социалдык тармактарда аюу эл жашаган айылга кирип келген видео тарады.
Анда жергиликтүү тургундар аюуну коркутуу максатында ок чыгарышкан. Бирок аюу октун үнүнөн корккон эмес.
Видео Ош облусунун Алай районунда тартылганы божомолдонууда.
Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерине аюу кол салып ал каза тапкан.