34 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Япония менен Кореяга билимин жогорулатуу үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаевдин журналисттерге берген маалыматында айтылды.
Узак мөөнөттөгү окутуу программаларынын алкагында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 20, ал эми Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин стипендиялык программасы (KOICA) 14 орун бөлгөн. Ага тандалып алынган 34 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин август айынын соңунда кетери күтүлүүдө. Жантаев кызматкерлердин квалификациясын көтөрүү максатында жыл ичинде мамлекеттик “буюртманын” эсебинен 2 миң 500 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окутуларын кошумчалады. Буга 3 миллион сомдон ашык каражат каралган.
Анын айтымында быйылкы жылы эл аралык донорлордун эсебинен кыска мөөнөттөгү окутуу программалырынын алкагында онлайн курстарын өткөрүү колго алынды. Жыл башынан бери Бириккен Араб Эмираты тарабынан 4 курс, Кытай Эл Республикасы 16 курс, Малайзиянын техникалык шериктештик программасы 39 курс, Сингапурдун шериктештик программасы 21 курс уюштуруп, 525 угуучуларды окутууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.