ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте аталган өлкөнүн аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышка чыкпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
2022-жылдын 2-чейрегинде өкүлчүлүккө Орусияда дайынсыз жоголгон 66 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан. Жалпысынан отчёттук мезгилде жакындары менен байланышын жоготкон же байланышпаган 94 жаранга карата иштер жүргүзүлдү.
Кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 55 жаран аныкталган, анын ичинде 39 жаран бул жылы, 16 жаран мурдагы жылдан бери издөөдө болгон.
Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 39 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 8 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 8 жаран изделүүдө жана 23 жаран мурдагы жылдардан кошо изделип келген.
ИИМ дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (499) 653-87-00, +7 (926) 890-87-00, +996 (312) 97-55-25, ишеним телефондору же predstavitelstvomvd@mail.ru, predstavitelstvorf@mvd.kg электрондук почта аркылуу маалымат берүүнү суранат.