Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
ТИМден билдиришкендей, жыйын Ташкент шаарында 29-июлда орун алат.
Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ушул жылдын 15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо пландалууда. Ошондой эле актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары министр иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.