Акчасын төлөп коюп, батирин ала албай калган көрүнүштөр токтой турганы айтылды

Курулуш компаниясына акчасын төлөп коюп батирин ала албай калган көрүнүштөргө жакын арада чекит коюлат. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Анын айтымында, кардарлар акчаны курулуш компаниясына эмес, банкта ачылган атайын эсепке салат. Ал эми компания ал акчаны өз алдынча, каалагандай ала албайт жана курулушту бүтүргөнүнө жараша гана ала алат.

“Мамкурулуш тарабынан “Көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруу жөнүндө” жобо иштелип чыкты. Бул чөйрөдө Мамкурулуш көзөмөл функцияларын күчөтөт. Куруучулар эми банкта атайын эсеп ачышат жана ал эсептеги каражаттар курулуштун ар бир этабын тапшыргандыгы жөнүндө Мамкурулуштан ырасталгандан кийин куруучунун эсебине которулат. “Көйгөйлүү объект жана куруучу” деген түшүнүк киргизилет. Бардык керектүү маалыматтар Мамкурулуштун сайтына жайгаштырылат”, - деди ал.

Өлкөдө жарандар курулуш компанияларына акчасын төлөп коюп, курулуш иштерин бүткөрүүнү создуктурган же кандайдыр бир себептерден улам курулуш иши таптакыр токтоп калган компанияларга нааразы болгон учурлар катталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан