Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.
Делегация Москва шаарындагы Кутузовский кең көчөсүндө жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага (атайын адистештирилген мектеп), Киберкоопсуздук борборуна жана Дата борборуна барды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө "Сбербанктын" өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн акыркы иштеп чыгууларын тартуулашты. Тараптар учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Белгилей кетсек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары "Сбербанк" башкармалыгынын президенти, төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.