Түркияда жайгашкан жанар тоого жана Немрут көлүнө саякат (сүрөт)

Байыркы эстеликтерге жана кайталангыс кооздукка бай Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнө жакын жерде Немрут жанар тоосу жайгашкан.

Немрут жанар тоосу акыркы жолу 1440-жылы "ойгонгон". Жанар тоонун чокусу чоң кальдера (Кальдера (испан тилинен caldera — чоң казан ) жанар тоо тектүү, көбүнчө тик дубалдуу жана аздыр-көптүр түбү тегиз болгон, чоң цирк формасындагы бассейн.

Мындай рельеф вулканда кратердин дубалдары урап түшкөндөн кийин же анын катастрофалык атылышынын натыйжасында пайда болгон. Эгер жогору жактан карасаңыз, тоодо жөн эле тереңдик бар же көл пайда болгон чоң тешик бардай көрүнөт. Ошондой эле жанар тоонун бетинде тегерете ысык буу чыгып турган Бухар чуңкурларын таба аласыз. Ал жерге жакындап келип алаканыңызды бассаңыз, андагы жылуулукту сезе аласыз.

Ажыдаардын оозундагы көл аталган Немрут көлү (Немрут Гөлү) аянты 13 чарчы чакырым, 2250 метр бийиктикте жайгашкан. Дүйнөдөгү экинчи орунда турган кратер көлү. Көл кар, жамгыр суулары, ошондой эле кальдеранын түбүндө жайгашкан бир нече ысык булактар ​​менен толукталат. Анын түбүндөгү суунун температурасы жер бетине караганда бир кыйла жогору, ошондуктан кышкысын көл тоңбойт. Анын орточо тереңдиги 100 метр, эң терең жери 155 метр.

Немрут кратери көлү өзгөчө флора жана фаунасы менен Битлис облусунан 35 чакырым, Татван районунан 15 чакырым жана Ахлаттан 30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Немрут калдерасында ар кандай көлөмдөгү 5 көл бар. Анын ичинен көлөмү чоң болгон Немрут жана Ылык көл. Ал эми калган 3 көлдүн көлөмү кичине.

Сүрөттө Немрут жана Ылык көл.

Немрут кратери көлү Европанын эң мыкты жери деп жарыяланган жана 2010-жылы "EDEN" кайык туризми сыйлыгын алган.

Немрут көлү дүйнөдөгү экинчи жана Түркиядагы эң чоң кратер көлү жана биздин заманга чейин 2100-жылы жашаган Вавилон башкаруучусу Немруттун атынан коюлган. Немруттагы жарылуулардын натыйжасында пайда болгон кратердин четинин туурасы 48 чарчы метр.

Көлдүн айланасындагы ысык суулар жана ысык булактар вулкандык аракеттердин натыйжасында келип чыккан. Немрут көлүнүн суулары муздак жана таттуу, тагыраагы ичүүгө дагы болот.

Көлдө 1986-жылы аз санда калган күзгү сазан балыгы кыска убакытта көбөйүп, балык кармай турган деңгээлге жеткен. Ар кайсы аймактардагы өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн болушу бул жердин микроклиматы бар экенин көрсөтүп турат.

Калдеранын пайда болушу менен байланышкан жарылуулар, кыязы, 90 миң жана 30 миң жыл мурун болгон.

Вулкан жана анын кратериндеги Немрут көлү барууга жана көрүүгө арзырлык жаратылыш керемети. Айрыкча жайында жана кышында алардын өзгөчө көрүнүшүнө күбө боло аласыз.

Ар кайсы өлкөдөн журналисттерди чакырып медиатур уюштурганы, Түркияны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн «Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигине жана Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA)» ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан