Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 6 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ички иштер органдарынын бардык ыкчам кызматкерлеринин жөндөлгөн ишинин жардамы аркасында ушул жылдын 6 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынган.
Алардын ичинен 3 тонна 557 килограмм 158 грамм баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга көп.
Алардын ичинен:
- героин - 33 килограмм 92 грамм;
- апийим –7 килограмм 730 грамм;
- гашиш – 92 килограмм 108 грамм;
- марихуана – 65 килограмм 143 грамм;
- каннабистин өсүмдүгү – 3 килограмм 655 грамм;
- психотроптук заттар - 12 килограмм 900 грамм;
- прекурсорлор –3 тонна 200 килограммга жакын;
- чекенди – 142 килограмм;
- башка түрлөрү – 25 килограмм 594 грамм.
Ички иштер органдары тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган. 5 интернет дүкөндүн, 2 баңгилик сайттын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөн.
Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы боюнча болжолу менен 3 миллиард 165 миллион 545 миң 757 сомду түзөт.