
Ош облусунун аймагында бүгүн таңкы саат 6:41де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөөнүн очогунда күчү 2,5 баллга жетип, Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.