Чүйдөгү №45 жатак абагындагылар 4 тоннага жакын арпа жыйнашты

Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан №45 жатак абагындагылар 4 тоннага жакын арпа жыйнашты.

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, 3 гектар аянттагы №8 колониядан өткөрүлүп берилген чарбалык тилкеде өндүрүштүк план боюнча 4 тонналык жаздык арпанын түшүмү жыйналды.

Аталган мекеменин башчысы Т.Каныметовдун айтымында, ижарага алынган 2 гектар жерге сабиз өстүрүлгөн. Азыртадан эле отоо чөптөрдөн арылтышып экинчи сугарууну жүргүзүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан