Орусия Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
"Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жакын арада бюджетти колдоо боюнча 10 миллион доллар которот", - деп билдирди ал.
Мындан тышкары Орусия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 8 миллион долларлык өрт өчүрүү техникаларын берерин кошумчалады.