Тышкы иштер министри: "Быйыл чет өлкөлөргө 22 иш сапары уюштурулду"

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында чет өлкөлөргө 22 иш сапары уюштурулду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

"2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ар кандай деңгээлде чет өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстанга жалпы 66 сапар уюштурулду. президент, министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын деңгээлинде чет өлкөлөргө 22 иш сапары болгон. Андан сырткары 42 иш сапары менен чет элдик коноктор, делегациялар Кыргызстанга келген", - деди ал.

Сапарлардын алкагында 42 эки тараптуу, 97 көп тараптуу эл аралык келишим жана документ даярдалганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан