Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, ал 28-июль жана 29-июлда Ташкентте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

"Мындан тышкары Ван И Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун чакыруусу менен аталган өлкөлөргө расмий иш сапары менен барат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан