Өлкө башчы Садыр Жапаровдун президенттик кызматта турган 500 күнү боюнча гезиттин атайын саны басылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гезит жалпысынан 500 миң нускада басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит - “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.
"Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар кошулган. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, "Кумтөр" кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.
Ошондой эле өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген.
Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат", - деп айтылат маалыматта.