Орусия 27 миң кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарат

Орусияда кара тизмеге кирген 27 миң жаранга миграциялык мунапыс берилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 27-июлда өткөн маалымат жыйында айтты.

"Орусия менен мигранттарга жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Өзүңүздөр билгендей, мигранттар арасында көптөгөн укук бузуулар болот. Анын ичинде жеңил укук бузуулар, маселен визасынын мөөнөтүн өткөрүп жиберген, же жол чыракка токтобой кеткен өңдүү жеңил мыйзам бузуулардын аркасында кара тизмеге кирип калган 27 миң жараныбызга карата "миграциялык мунапыс" жөнүндө чечим кабыл алынды, жакында "кара тизмеден" чыгарылат", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан