Бүгүн, 27-июлда өлкөдө этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү.
Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар катыша алат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Керектүү документтер:
Эскертүү: документтердин толук эмес арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!
Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- компьютердик тестирлөө.
Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин өткөрүлөт. Онлайн системага ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.
Эгерде талапкер жүйөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.