Тажикстан менен Түркмөнстан достук келишимине качан кол коюшат? Жээнбек Кулубаев жооп берди

Тажикстан менен Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык тууралуу келишимге жакынкы аралыкта кол коюшат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

"Түркмөнстан менен Тажикстан өлкө ичиндеги даярдоо процедураларын өз убагында бүтүрбөгөндүктөн келишимге кол коюшкан жок. Алар бүтөрү менен документке кол коюшат", - деди Кулубаев.

Кулубаев Түркмөнстан менен Тажикстан бир нече жуманын ичинде достук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшарын кошумчалады.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынган. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык тууралуу келишимге Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан