Активист Адилет Али Мыктыбектин абакта калтыруу мөөнөтү узартылды

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 29-августка чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотуна байланышканыбызда билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту жарандык активистке карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн 29-августка чейин узартты.

Белгилесек, Адилет Али Мыктыбек Бишкекте өзүнүн социалдык баракчасынан митингдерди, нааразычылык акцияларды түз эфир аркылуу көрсөтүп келет. Ал “массалык баш аламандыктар” беренеси менен айыпталып кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан