Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөбү? Министрдин жообу

Кыш мезгилинде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрликтин жарым жылдык отчётун берип жатып билдирди.

Министр кыш мезгилине даярдыктар толук көрүлгөндүгүн жана андан ийгиликтүү өтүүнүн аракетинде экенин айтты.

"2022-жылдын 27-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 803 миллион метр кубду түздү. Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын сактоо жана 2022-2023-жылдарды ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек ЖЭБинин жүгүн жайкысын 155 МВт, кышкысын 420 МВтка чейин жогорулатуу пландаштырылууда, жыл сайын электр энергиясын өндүрүү 2,5 миллиард кВт болот", - деп билдирди ал.

Бекмурзаев 2021-жылдын январь айынан баштап 2022-жылдын 1-июлуна чейин бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан 303 даана кошумча көмөкчордон орнотулганын, 477 даана трансформаторлор алмаштырылгандыгын жана 1247 чакырым электр чубалгылары орнотулуп, реконструкцияланганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан