Бишкекте бир түндө тамактануучу жай жана кийим сатуучу дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандардын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим-кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөнү айтылат.
Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөрү жана жабыркагандар жок экени маалымдалат.