Акыркы 6 айда 10 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алды

Быйыл 6 айда 10 миң 632 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, алты айдын ичинде 287 миң 503 адам орус жарандыгын алган. Алардын басымдуу бөлүгү украиналыктар, тагыраагы 104 миң 168 адам.

Коңшу мамлекеттерден: Тажикстандын 74 миң 162 , Казакстандын 21 миң 647, Өзбекстандын 13 миң 99 атуулу Орусиянын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан