Бишкекте тургундун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды (фото)

Шаардык кызматтар жеке турак жайдан 4 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь администрациясынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Байтик баатыр көчөсү №13/Б дарегинде жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты.

Үйдүн ээси таштандыларды бир нече жылдан бери чогултуп келген. Өз кезегинде кошуналары жагымсыз жыт боюнча көп жолу администрацияга арызданышканы айтылат.

"Аталган жерге барганда короо тиричилик таштандыларына толуп кеткени аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган.

Үй ээси менен санитардык нормаларды бузуунун ушул сыяктуу фактыларына жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан