Кара-Кулжа районунда балдарга карата зордук-зомбулук фактысы катталган жок. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, райондо 32 миңден ашык бала жашайт, алардын 2 миң бир жүзү мигрант ата-энелердин балдары, алар маалымат базасына киргизилген.
"Аймакта туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жаңы төрөлгөн ымыркайлар жок. Жыл башынан бери документтери жок бардык 15 балага күбөлүк берилди. Башкармалык балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди натыйжалуу жүргүзөт. Жыйынтыгында зомбулук фактылары катталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары район боюнча 11 миң 800 адам жөлөк пул алышары айтылды.
"Министрлик азык-түлүк, ун жана өсүмдүк майы, ошондой эле коомдук пайдалуу иштин же окутуунун ордуна накталай акча каражаттары боюнча долбоорду ишке ашырууда. Эми кезектеги жолугушуу Араван жана Ноокат райондорунда болот", - деди министр.