Москвада өрттөн 8 мигранттын каза болушу: Мигранттардын документтери дагы күйүп кеткен

Москва шаарындагы Алма-Атинская көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн улам каза болгон мигранттардын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда өрттөн каза болгон мигранттардын аты-жөнү такталууда. Ошол эле учурда алардын аты-жөнүн тастыктаган документтер күйүп кеткени белгиленди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери окуянын чоо-жайын аныктоо, анын ичинде өрт чыккан учурда Кыргыз жарандарынын болушун тактоо үчүн окуя болгон жерге барган. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Буга чейин Москвадагы хостелден өрт чыгып, андан 8 мигрант каза болгондугу кабарланган. Каза болгондун баары бир бөлмөдө болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан