ӨКМ: "Боомдогу унаа жол бир тараптуу ачык"

Боом капчыгайында унаа жол бир тараптуу ачык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 145-146-чакырымы жана 155-156-чакырым аралыктарындагы жолду каптаган. Учурда жол бир тараптуу ачык.

Жерине тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кайрадан сел жүрүп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан