Суусундуктарга акциздин ставкасы 10 эсеге азайтылды

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге – бир литр үчүн 10 сомдон 1 сомго чейин азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тарта ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциз салыгы салынууга тийиш.

Кошумча маалыматты Мамлекеттик салык кызматынан www.sti.gov.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан