Каза болгон жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аларга азык-түлүк пакеттери тапшырылды. Келгендерге ЖАКтын жетекчилиги колдоо жана чын жүрөктөн ден соолук, чыдамкайлык каалады.
Белгилей кетсек, 2005-жылдан бери Жаза аткаруу тутумунун 13 кызматкери каза болуп, 20 адам жарадар болуп, майып болуп калган. Андыктан алардын жакындары көңүл бурууга жана камкордукка муктаж.