Кадамжайдагы тойканада уулангандардын саны 122ге жетти

Кадамжай районунда тойканада тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 122ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

"Бүгүн тамак-ашка уулангандардын саны 122ге жетти. Алардын ичинен 43ү (экөө бала) ооруканада дарыланууда. 77 бейтап (бирөө кичинекей бала) амбулатордук түрдө дарыланып жатат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, 31-июлда тойканадагы тамак-ашка ууланып, 58 адам ооруканага кайрылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан