Ошто тамактануучу жайларга рейд жүргүзүлүп, 120 миң сом айып пул салынды

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайларда июль айынан баштап жүргүзүлгөн рейдде жалпы 120 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты.
Анда айтылгандай, рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарга жооп бербеген кафе, ашканаларга 5 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пулдар салынган.
Андан тышкары Ош шаарында жайгашкан "Дурдана", "Азизим", "Жаңы-Доор", "Береке", "Увам", "Памир" кафе, ашканалары кепилдик каттын негизинде оңдоп-түзөө иш-чараларына жабылды. Азыркы күндө санитардык талаптарга жооп бере тургандай оңдоп-түзөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан