Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кызды издөө иштери улантылууда.
ӨКМдан билдиришкендей, кечээ издөө иштерине жалпы 29 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу издөө токтотулган. Бүгүн, 5-август күнү издөө кайрадан улантылат.
Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери аны издөө иштери натыйжа бере элек.