Facebook социалдык тармагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан акчалай сыйлыктар ойнотулган баракча пайда болду.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул боюнча билдирүү жасап, фейк аккаунттарга ишенбөөгө чакырды.
"Бул баракчанын биринчи айымга эч кандай тиешеси жок. Фейк баракча. Андыктан бул баракчага жарыяланган маалыматарга ишенбеңиздер”,- деп жазган ал.