Кыргызстанга атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов менен чогуу Кыргызстанга келген орусиялык белгилүү блогер Хасбик түз эле Ысык-Көлгө барды.
Ал социалдык тармакта көлгө бара жаткандагы видеосу менен бөлүштү.
Хасбик орусиялык белгилүү блогер. Анын инстаграм баракчасында 2 миллион 700 миң катталуучусу бар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта Кыргызстанга Хабиб Нурмагомедов келген. Мушкер менен блогер 10-августта Бишкекте өтө турган EFC'нин турниринде ардактуу конок болот.