"Ош" аэропортунда кардарларды унаага эркинен сырткары күчтөп салып жана жол киреге кымбат акы талап кылган делип суракка чакыртылып жаткан такси айдоочулары видео кайрылуу жасашты.
Кайрылууда 2008-жылдан бери ошол жердеги такси айдоочуларына башчылык кылып, бригадир болуп иштерин айткан Аким Токторов аттуу жаран айдоочулардын арасында аталган видеодо айтылгандай аракеттерге бара тургандар жок экендигин айтты.
“Бул жердеги такси айдоочулардын арасында андай көйгөй жарата турган же мыйзам буза турган эч ким жок. Баары эле үй-бүлөсүн багайын деп иштеп жүргөндөр. Ютубда тараган өзбек бир тууганыбыздын билдирүүсү боюнча айтсак, бир жактуу эле кылып көрсөтүп койгон. Бул жерде 100гө жакын айдоочу бар, алардан келип эч ким сурап да койгон эмес. Эгерде ушунчалык эле маанилүү болуп жатса, келишсин, сураштырсын. Бул жерде видео көзөмөл бар, кимдин эмне кылып жатканынын баары көрүнүп турат”, - деген ал.
Буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстандын жараны Ильес Рашидовдун Өзбекстандын жарандары билет баасынын арзан болгондугунан улам “Ош” эл аралык аэропорту аркылуу өз өлкөлөрүнө келип жатканын жана аэропорттун жанындагы такси айдоочулары коңшу өлкөнүн жарандарын 6 чакырым жерге, тактап айтканда "Достук" өткөрмө жайына чейин бир адамды 500 сомдон, бир автоунаага 6-7 жүргүнчүдөн кылып күчтөп салып ташып жатышканын, аларды милиция менен МАИ кызматкерлери дагы карабай жатышканын айтып, өзүнүн нааразычылыгын билдирген видео тараган. Ал ошол эле кезде чалуу менен келген таксилер 160 сом болорун белгилеген.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы такси айдоочуларына коюлган дооматтар боюнча 105 айдоочу суракка чакыртылганын билдирген.