Банктарда долларды накталай алууда эмне үчүн комиссия алынып жатат? Улуттук банк жооп берди

Бүгүн, 8-августта Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш коммерциялык банктар доллар менен еврону накталай алууда кардарлардан канча пайыз комиссия алып жаткандыгын жана анын себептерин атады.

Анда ал комиссиялар өлкөбүзгө нак долларды ташып келүүгө кеткен чыгашалардын ордун жабуу үчүн каралгандыгын билдирди.

"Буга чейин биздеги банктар долларды Орусиядан алып келген. Бирок Орусияга салынган санкциялар жана бул өлкөгө доллар менен евронун келип түшүүлөрү толугу менен токтотулганын эске алганда жергиликтүү коммерциялык банктар башка өлкөлөрдөн накталай доллар жана еврону ташып келүүгө аргасыз болууда”, - деди ал.

Нурбек Жеңиш чет элдик валюта үчүн комиссиянын өлчөмүн өз чыгымына жараша коммерциялык банктар аныктай турганын айтып, учурда 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып жатышканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан