Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз болууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 200гө жакын бош орун бар. Алардын 7си мамлекеттик тилде окуткан мектептерде болсо, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде.
Мектептердеги бош орундардын тизмеси:
- Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).
- Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектепте.
- Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү, 1 адис мамлекеттик тилдеги жана 1 адис өзбек тилдүү мектепте.
- Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.
- География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.
- Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.