Орусияда төрөлгөн кыргыз кызы Диана Зулпуева Казань шаарында өткөн сулуулар сынагында Мирбек Атабековдун белгилүү "Мурас" ырын жандуу аткарып, гран-приге ээ болду. Бул тууралуу Диана Зулпуеванын өзү менен байланышканыбызда билдирди.
"Мен 2000-жылы 22-майда Новокузнецк шаарында төрөлүп, ошол шаарда чоңойдум. 11-классты бүткөндөн кийин Казань шаарындагы Казан улуттук изилдөө технологиялык университетине тапшыргам. Университеттин атынан көптөгөн сулуулар сынагына катышып, гран-прилерди уттум.
Ал эми "Мурас" ырын быйыл март айында Казань шаарында өткөн сулуулар сынагында ырдап, сынакты жеңип алдым. Мен Кыргызстандын атынан чыкканда биздин желегибизди көтөрүп аябай сүйүнөм. Мен Орусияда төрөлсөм дагы, жүрөгүмдө ар дайым мекеним жашайт.
Кыргызстанга 5 жылда бир жолу барам. Ошол үчүн мекенимди аябай сагынам. Апам Оштун Алай районунан болот, атам Гүлчө айылынан. Кыргызстанда жайлоого барган аябай жагат. Ош, Бишкек шаарларында болгом. Ысык-Көлүбүздү абдан баалайм", - деди Диана Зулпуева.
Ошондой эле Диана Зулпуева "Мурас" ырын сынакка бир күн калганда гана тандап алганын айтты.
"Конкурска мен биринчи башка ырды тандагам. Анан бир күн калганда Мирбек Атабековтын "Мурас" ырын тандап, ошол ырды аткармай болдум. Бул ырдын патриотизмы жагат.
"Мурасты" ырдап жатканда көрүүчүлөрдүн арасында атам, апам, иним жана сиңдим бар болчу. Аябай толкунданып, көзүмө жаш тегеренген. Ырдап бүткөндөн кийин залдагылар аябай кол чабышты", - деди ал.