Боом капчыгайында сел суусун кечип, жол көзөмөлдөгөн инспектор саат менен сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-август күнү жетекчилик милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалилдин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, кол саатты тапшырган.
5-августта Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. Андан кийин капчыгайда 3 чакырымга созулган унаа тыгыны жаралган. Мындан улам инспектор туфлиси менен сел суусун кечип, жол кыймылын жөнгө салганы мактоого алынган.