Октябрдан тарта пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү каралууда

Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга коюлду.

Социалдык фонд пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жана аны (өткөн жыл үчүн республикада иш жүзүндө түзүлгөн) орточо айлык акынын 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармап турууга тийиш.

Буга чейин октябрь айында министрлер кабинети пенсияны 50 пайызга көтөрүүнү пландап жатканы маалымдалган. Тиешелүү токтом 2021-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору менен пенсиянын базалык бөлүгүн 3 170 сом өлчөмүндө белгилөө сунушталууда. Муну ишке ашырууга 3 миллиард 83 миллион сом каражат керектелет.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы орточо эмгек акы 19 миң 330 сомду түзгөн же анын 12 пайызы 2 319 сомду түзөт.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2022-жылдын 1-октябрына карата 735 миң 700 адамды түзөт. Ал эми ушул жылдын 1-январындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 670 миң 435 пенсионер бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Социалдык фонддун төрагасы 2023-жылдын 1-январынан тарта эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 200 сом болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан