
10-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66 миң 321 бош орун бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.
III турда пландалган 1 миң 59 бюджеттик орунга 2 миң 108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69 миң 120 орунга 4 миң 809 абитуриент тапшырды.
ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3 миң 827 абитурентти кабыл алууга сунуштады.
6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3 миң 827 абитурент тастыктады.
Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3 пайыз жана келишимдик орундардын 20,14 пайызы пайдаланылды.