Чүйдө жумушка кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Тимур Карагулов изделүүдө

Чүй облусундагы Чүй айылынын тургуну 1986-жылы туулган Карагулов Тимур Жекшеналиевич дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга жакындары 27-июль күнү үйүнөн жумушка чыгып кеткен боюнча келбегенин билдиришкен.

Белгилери: бою болжол менен 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, өңү кара тору, чачы кыска кара түстө, чекесинен жогору жакта чачы түшкөн, көзү кара, мурду түз.

Кийген кийими: футболка кара-көк түстө, кара-көк түстөгү чолок шым.

Урматтуу жарандар! Эгер сиздер кандайдыр бир маалымат билсеңиз, кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Телефондор: Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмү (03138) 5-82-89, 0702 77-74-08, 0552 99-20-25.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан