Бүгүн, 12-августта орто кесиптик окуу жайларына окууга тапшыруунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришет.
Маалыматта жазылгандай, автоматташтырылган маалымат системасынын сайтында 162 колледждин профили жайгаштырылган.
“Абитуриент online” системасынын ачык маалыматтарына ылайык, быйылкы жылы окууга кабыл алуу планына ылайык гранттык негизде 4020 орун, келишимдик негизде 72 миң 238 орун каралган.
Ар бир турда абитуриенттер бюджеттик орунга жана келишимдик окууга бирден арыз бере алышат.
Белгилей өтсөк, өлкөдө кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 12-июлдан 18-июлга чейин болгон. Ал эми 2-тур 27-июлдан 3-августка чейин болуп өттү.